Жарандыгы жок адам дээрлик 3 айдан бери "Манас" аэропортунда жашап жатат

Эл аралык "Манас" аэропортунун стерилдик аймагында январь айынан бери жарандыгы жок адам жашап жатат. Маалыматты аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.

Белгилүү болгондой, Хадаа Арлен аттуу адам ушул жылдын 18-январында Бишкектен Москвага учкан. Бирок Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилбей, кайра Бишкекке жөнөтүлгөн.

"Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 19-январда Москвадан Хадаа Арлен аттуу жарандыгы жок адам учуп келген. "Аэрофлот" компаниясынын кызматкерлери тарабынан чек ара кызматкерлерине Арленге тиешелүү болгон жарандыгы жок адамдардын күбөлүгүн жана Орусиянын аймагына киргизүүдөн баш тартуу боюнча акт өткөрүлүп берилген. Арленге жарандыгы жок адамдардын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти тарабынан берилген.

Хадаа Арлен 18-январда жарандыгы жок адамдардын күбөлүгү аркылуу Москвага учуп кеткен. Бирок Орусия чек арачылары аны визалык режимди бузду деген жүйө менен өлкөгө киргизүүдөн баш тартып, кийинки рейс менен кайра Бишкекке жөнөтүшкөн.

Арлендин айтымында, ал Орусияга жетери менен Кыргыз өлкөсүнөн алган документтерин жок кылып салган. Буга байланыштуу ал кайра Кыргыз аймагына киргизилген эмес. Учурда Хадаа Арлен "Манас" аэропортундагы стерилдик аймакта жашап жатат", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nur777
2019-04-05 10:30:40
Орусияга бараары менен Кыргыз олкосунон алган документин жок кылып салган дейби?!Сооп болуптур жок кылып салса..
+5
Nur777
2019-04-05 10:31:44
Эми "Терминал" деген кинодогудай туалеттен сакалынды алып,аэропорттун ичинен иш издей бер)))
+6
rysik79
2019-04-05 11:28:13
Питаниясы кандай болот эми?
+2
talant87
2019-04-05 14:22:26
Негизи кайсыл олкодон экен сурап коруп жонотуш керек кыйнабай адамды алда бироолордун баласы э
+3
Jasa
2019-04-05 15:04:43
Эч куйгон киши жок отурат да бул байкуш акчасы да жок
+3
Sogushov
2019-04-05 15:13:54
Бул баланы мен тушунуп турам)) 2017 москвадан бишкекке учуп атканда паспортум Домодедоводо тушуп калыптыр регистрациядан откондон кийин тунку саат 3:15 те конгон самалет Эртеси саат 9 да военный билетими багаждан алдырып озгонго чалышып жашаган жериме айыл окмотко гкнбнын кызматкерлери кое беришти андан кийин томожнянын кызматкерлери аеропорттун милициясына откозушту мени((( милицияда бирдеке дебейсинби дешет бети жоктор
+1
nurbek11
2019-04-05 16:10:20
Бизде любой документ сатып алса болоорун дагы бир жолу корсотуп койду. Москвага бараары менен бизден алган документтерин жыртып салыптыр. Акмак Москваны да Кыргызстандай элестетип кирип кетеп десе керек да. Канчалаган озбек тажик жана башкалар бизден паспорт алышып Россияга барышып терорго аралашып жатышат. Же болбосо РФ Паспортун алып жатышат. Эй жогорудакылар паспортубущду сатпагылачы сураныыыыыч.
+7
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-05 21:07:19
Якут эмеспи?
0
Kalemkash
2019-04-06 20:07:10
Кече эле 3ай деп журду эле го. Мурда куну 2жарым ай деп жургон. Бугун уже 4ай болуп кетиптир.
0
Kroxa
2019-04-07 08:37:03
Россиядан да жарандык алгысы келсе керек Кыргызстандын бергенин жок кылып салса атайылап...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан