Курсактагы баланы дарыгер өлүп калган деп ойлоп төрөт учурунда ымыркайдын башын оюп алды делген окуя боюнча иликтөө башталды

Токтогул шаарындагы төрөт үйүндө курсактагы түйүлдүктү өлүп калган деп ойлоп, төрөт учурунда ымыркайдын башын оюп алды делген гинекологдун иши боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Белгилүү болгондой, ымыркай 4 килограмм 530 грамм салмакта кесарево жолу менен төрөлгөн. Ал үй-бүлөнүн үчүнчү баласы.

Учурда эне-баланын абалы жакшы, ымыркай өз алдынча эмчек эмип жатат. Алар бүгүн Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборунан чыгууга даярданышууда. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Иликтөөнүн алкагында окуя кандай болгону аныкталат. Анын жыйынтыгына ылайык, толук маалымат бере алабыз. Териштирбей туруп кандайдыр бир божомол берүүдөн алыспыз. Эгер төрөттү кабыл алган гинеколог же дарыгерлердин күнөөсү далилденсе сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылышат. Мындан сырткары, министрлик тарабынан мындай окуялар кайталанбашы үчүн болгон аракеттер жумшалат. Ымыркай тиешелүү текшерүүлөрдөн өттү, 1 айдан кийин дагы өтөт. Учурда атайын комиссиянын эксперттери териштирүү иштерин жүргүзүүдө”, - деди Асылбашева.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кош бойлуу эне 18-март күнү эртең менен Токтогул шаарындагы төрөт үйүнө келген. Гинекологдор аны саат 18:00 чамаларына чейин төрөтө албай, кийин кесарево жолу менен төрөтүшкөн. Жабырлануучу тарап билдиргендей, ымыркай өлүү төрөлгөн деп 2 саат бою такыр каралган эмес. Кийин медайымдар ымыркайды өлүк сактоочу жайга өткөрүп берүү үчүн жуунталы деп сууга салышканда ал ыйлап жиберген. 3 күндөн кийин ымыркай Бишкекке алынып келип, дарыгерлер баланын башындагы жараатын тигишкен. Бул окуя боюнча Токтогул шаарынын төрөт үйүнүн гинекологу жогоруда айтылган маалыматтар чындыкка туура келбейт деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
u02u02
2019-04-05 11:58:03
Дагы эле ошо дежурный жооптор «териштиребиз жыйынтыгы чыксын куноосу аныкталсын анан жооп беребиз» эптеп журналисттин оозун жаап кетируу. Дагы кандай жыйынтык керек селерге акмактар жогорудагы байкуштун суротун кордунорбу? Ымыркай олук болгон учурда да кескилебей жакшына адамга адамча мамиле кылып алып чыкса болотко!
+10
u02u02
2019-04-05 12:00:31
Ошол гинекологко эн эле женил жаза берген учурда да омур бою медицина тармагынан алыстатуу керек!
+10
bond02
2019-04-05 12:25:00
Мындай сабатсыз немелерге жазаны аябай эле беруу керек, мындайдын орду медицинада эмес.
+9
ms.95.ma4o
2019-04-05 12:32:36
ХХХХ десе жок кылыш керек мындайларды
+6
Kyrgyz-aiym
2019-04-05 12:54:10
Өлүү төрөлүп жатса деле абайлап төрөтүшсө болбойт бекен ойду келди кескилебей. Мыкаачылык.
+10
-FREEDOM-
2019-04-05 13:55:53
Көчөдө окуганда бул врач болумуш . Баланы кескен акмак. Жүрөгүң ооруйт адам
+8
Jasa
2019-04-05 15:11:12
Суротун ачып караганга дух жетбеди,башын оюп алса кантип чыдады экен байкуш,гинеколокго мин наалат
+8
senchi
2019-04-05 16:19:46
Ким күнөөлү болсо ошонун башын кескиле өзүндөй кылып
+7
tynara81
2019-04-05 16:38:38
Кесареводо оюп алган эмеспиз дейт.Төрөт учурунда бала чыга албай калганда атайын аппарат менен тартып алууга туура келет. Эгерде аны менен төрөт ийгиликсиз болуп калса операция жолу менен алабыз дейт. Ошол ваакум менен тартып алганда баланын башында гематома пайда болушу мүмкүн, бирок кесилбейт да. Көз көрүнөө кесилип турса, кескен эмеспиз деп танып кетиптир.
+7
Avrora2017
2019-04-05 17:30:18
Бутучу эмне болгон баланын, башынго вантус менен чыгарып атып жарат алды деген шылтоо, а бутун эмне кылып куйгузуп салдынар шаалакылар
+6
miss2014
2019-04-06 03:14:42
Оо кудай кичинекей периште жакшы болуп кетсин, тиги мыкаачы жазасын алсын, жашабагыр, каланди жегирхайван!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан