Валентина Шевченко Бишкектеги күйөрмандары менен 8-апрелде жолугушат

UFC`нин эң жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси Валентина Шевченко Бишкектеги күйөрмандары менен 8-апрелде жолугушат. Бул тууралуу Кулатуу эр таймаш федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, мушкер 7-апрелде саат 18:30да Бишкекке учуп келет. 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, 16:00дө күйөрмандары менен жолугушат. Ал эми 9-апрелде Шевченко Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандарына жолугат.

Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2019-04-05 11:26:13
Абдан жакшы жанылык. Аэропортко барыш керек. Озубуздун Валя только валит да.
+7
Bars88
2019-04-05 11:47:20
Ким концерт откорсо эле бир чону бара калып эмгек синирген ырчы деп наам бере беришчи эле.Бул кыздан наамдарын аябай беришсин бир жардам кылышкан эмес бул кызга
+7
monok2001
2019-04-05 11:59:24
Bars88,эркекче да бирок
+5
rysik79
2019-04-05 12:34:05
Bars88, туура айттыныз. Чон соройлого. Окмотко эч болбосо С. Шариповичке айтыш керек татыктуу наам берсин. UFCнин чемпиону бул биздин кызыбыз. Валя озун озу которду.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан