"2019-жылдын аягына чейин ири шаарларда, республиканын трассаларында видеобайкоо жабдуулары орнотулат" дейт премьер-министр

Бүгүн, 5-апрелде өкмөт жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пул каражаттарынын бир бөлүгүн "Тез жардам" кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо зарыл экенин айтты.

"20-апрелге чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат. Жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Буга чейин жыл сайын миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болот. Биздин милдет – жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу", - дейт Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
volk27
2019-04-05 15:43:46
Дагы кимден карыз аласынар
0
elchi84
2019-04-05 16:20:25
Праваны алганы женилдетсенер болот эле барсан ата бар энене бар деп алыш кыйын экен .Баарибир ошол жерде карапайым эл эле кыйналат таанышы барлар жон эле ала беришет экен.
0
Erik2018
2019-04-06 12:32:30
Коопсуздук үчүн орнотсо эмне экен. Азыр эрежени сактабаган айдоочулар өтө коп алдын алыш үчүн видео байкоо абдан керек.
+1
nabievich
2019-04-06 12:35:40
туура кадам канчалаган туугандар мекендештерибиз бей ажал олумдон сактанат эле азыр адамдар кудайдан эмес камеранан коркуп калган заман
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан