15 жашка чейинки футболчулар Кытайда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Silk Road Huashan Cup" аталган эл аралык мелдеш 6-апрелден 10-апрелге чейин уланат.
"Нурлан Букуевдин жетекчилиги астында 15 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн улуттук курама мелдешке катышуу үчүн Вэйнань шаарына учуп кетти. "Silk Road Huashan Cup" мелдешине кыргыз футболчуларынан сырткары Тажикстан, Кытай жана Мьянмадан келген футболчулар катышат", - деп айтылат маалыматта.
Мелдештин жадыбалы:
6-апрель:
14:00 Тажикстан-Кыргыз Республикасы
8-апрель:
17:35 Кыргыз Республикасы-Кытай
10-апрель:
14:00 Кыргыз Республикасы-Мьянма