Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы төрөт үйүндөгү окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, жазылган арыз бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" жана "Ден соолукка зыян келтирүү" беренелери менен кылмыш иши ачылды. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
5-апрелде Эсенгүл Бакытбек кызы аттуу жаран кайрылган. Ал Токтогул шаарындагы төрөт үйүнүн гинекологу жеңесинин курсагындагы түйүлдүктү өлүп калган деп ойлоп, төрөт учурунда ымыркайдын башын оюп алганын айткан. Ошондой эле арадан 2 саат убакыт өткөндөн кийин, медайымдар ымыркайды жуунтуп жатышканда ал ыйлап жиберип, тирүү экендиги белгилүү болгон. Мындан улам аталган үй-бүлө гинекологдун мындай шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуусун талап кылып, милицияга арыз жазышкан.
Учурда эне-бала Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборунда жатышат. Аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев учурда экөөнүн тең абалы жакшы экенин, кийинки жуманын башында үйүнө чыгарыларын билдирди.