Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон берет

Бишкек мэриясы 9-Май - Жеңиш майрамына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон берет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылга Жеңиш майрамын майрамдоого жергиликтүү бюджеттен 8 миллион 400 миң сом каралган. Бөлүнгөн каражатка Бишкек шаарындагы ар бир райондо иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жылына бир жолу берилүүчү каражатка 7 миллион 100 миң сом бөлүнгөн. Бул каражаттан аталган согуштун ардагерлерине, согуштан жаракат алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 10 миң сомдон берилет. Ал эми тылдагы эмгекчилерге жана согушта жүрүп курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 5 миң сомго чейин акча берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2019-04-06 09:43:12
Бишкек мэриясы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине 10 сомдон берет-10 000 же 10 мин деп жассанар
+5
elchi84
2019-04-06 10:06:31
Канча адам калды согуштун ардагерлери же отуп кеткен адамдардын атынан ала турган адатынар бар эле .
+2
Eli.91
2019-04-06 11:57:28
Жылына эле ушунтип айтышат бирок алганын коре элекмин.Лично менин атам авганс ушулар менен бирдей эле эч андай акча албадыго.Кичине чай пита уюштуруп аш кылып берип коёт андан башка эчнерсеси жок.
+1
Nurik1988
2019-04-06 12:29:44
Кыргызстанда азыркы учурда 7000мин согуштун ардагери жок, жейт экенсинда сенда галпийип
+2
Tolkun555
2019-04-06 13:17:45
Жок дегенде 1 кычкачтын акчасын бербейсинерби.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан