Апрель айынын экинчи жарымында күйүүчү майдын баасы 1,5 пайызга кымбатташы мүмкүн

Ушул жылдын апрель айынын экинчи жарымында өлкөдө дизель майынын баасы 1-1,5 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга Орусияда мунайдын баасы кымбаттап жатканы себеп болууда. Анткени жаз келип айдоо, себүү иштери башталгандыктан күйүүчү майга болгон талап өскөн.

"Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы калдыктары менен ички рыноктогу күйүүчү майдын учурдагы баасы апрель айынын жарымына чейин сакталат. Айдын экинчи жарымында бензиндин наркы ордунда сакталганы менен дизель кымбатташы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond
2019-04-06 18:59:38
Казакстандан алгыла
+2
volk27
2019-04-06 20:52:19
Дүйнө жүзүндө күйүүчү май арзандап жатса биздин өлкөдө кымбаттайт
+1
Zamirbekkg
2019-04-06 20:52:45
Калп эле айтат бул нефти менен иштегендер жок нерсени шылтоо кылып эптеп кымбаттатышат
+3
Take_men
2019-04-06 22:53:19
Жаңы эле АИ 92 43 сомдон 37 ге түшүп сүйүнүп калдык эле...
0
sabirdinovich
2019-04-06 23:09:14
Take_men, бензин баасы ордунда калат деп турат го, жакшылап окуш керек сүйлөмдөрдү
+1
didu
2019-04-06 23:22:59
дыйкандарга жардамынар ушулбу, биз шайлаган чондор
+5
Jelezo
2019-04-07 00:45:22
Россияда бензин 92- 42 рубль. Дизель 50 рубль.
0
zevs
2019-04-07 02:18:22
1-2som tuwurup kayra 10 som kotorup alasynar betiner bet dele bolboy kaldy okwoyt.
0
Kroxa
2019-04-07 06:49:00
Бензин арзандаганы менен дизельди 2 эсе кошуп сатса айдоо башталганда жакшы сатып алабыз деп атышат да бензинди деле казакстан 27ден сатып жатышат го коптон бери эле...чондордун чонтогу чоон да..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан