Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева көз жумду

Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, актриса бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөн жана бүгүн түшкө маал каза болгон. Маркумдун сөөгү 8-апрель күнү жерге берилет, азырынча кайда коюла турганы белгисиз.

Жаркын Балыкбаева Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сабак берип келген. Ушул жылдын февраль айында SUPER.KG порталы актрисанын жашаган үйү менен таанышып, маек алып келгенбиз. Балыкбаева үйү менен тааныштырып жатып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

"Биздикине конокко Эл артисттердин, Эмгек сиңирген артисттердин көбү эле келишти. Эрмек көзү тирүүсүндө Аксуубай Атабаев менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар болчу. Бул үйдө Аксуубайдын далай изи калды", - деген актриса.

Ал "Апамдын махабаты", "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын" жана башка тасмаларга тартылып, театрда бир топ образдарды жараткан.

Балыкбаева Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Жолдошу 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жаркын Балыкбаеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Актриса Жаркын Балыкбаеванын өкмөт берген үйүндө конокто
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Nur777
2019-04-06 15:52:17
Суперге рахмат,ушундай улуу инсандардан маек алып бизге рахат тартуулаган..
Аттин,дагы жашаса болмок..жакындарына сабыр тилеймин.
+7
gukush00
2019-04-06 16:07:28
Ииий ай кантип эле ишенгим келбейт.
+3
Talantbek80
2019-04-06 16:12:49
Жаткан жери жайлуу болсун таланттуу актриса эле
+5
nuri1
2019-04-06 16:32:43
Жараткан Тенирим жаткан жерин жай кылсын.
-7
altyn2015
2019-04-06 16:44:01
Жаткан жери жайлуу болсун!
+4
demo009
2019-04-06 17:15:38
Жаман болуптур,жаткан жери жайлуу болсун
+5
Pchelka85
2019-04-06 18:17:13
Иий.. жалко.. иманы саламат болсун!!! Аябагандай жонокой актриса эле... ушул актрисаны корсом эле озумдун энемди коргондой бир жылуулук, жакындык сезиле берет эле..
+4
aydinnur
2019-04-06 18:39:16
Аттиң, жаткан жери жайлуу болсун эжебиздин!!Чыныгы өз ишинин устаттары азайгандан азайып баратат ((
+5
Sajakat14
2019-04-06 19:05:26
Жаткан жери жайлуу болсун! Кайран киши далай ролдордо ойногон. Мегатой1 деген комедиядагы"Апа сөйкө салганы келишти десе" - Магабы? деген жери жагат
+6
Shokoladka94
2019-04-06 19:50:22
Жаткан жери жайлуу болсун! Атына заты жарашкан жаркылдаган айым болчу эле
+4
Leilona
2019-04-06 20:05:18
Жаман болуптур!!!жаткан жери жайлуу болсун!!!
+4
mr.ulan89
2019-04-06 21:57:59
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун
+3
Agayu
2019-04-06 22:03:11
Эх эжэке жаткан жэриниз жайлуу болсун !Жараткан Аллах Таалам оз бейишинен орун берсин ылайым !! Жакын урук туугандарына Сабыр берсин Аллахым !!!
+4
i1urp
2019-04-06 23:08:32
Жараткан Тенирим жаткан жерине жай берсин. Ыйманы саламаттуу болсун.
-3
Chungyz
2019-04-07 01:59:23
Эжеке сизге ыразыбыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан