ЭЛДИК КАБАР: "Москвада жергиликтүү тургун Кыргыз жаранын бычактап салды" дейт окурман

Москвада жергиликтүү тургун Кыргыз жаранына бычак сайып салды. Бул тууралуу 6-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

Окуя болгон жерден тартылган видеодо бычак сайган адамды 3-4 киши кармап калышканын көрүүгө болот. Күбөлөрдүн "абайлагыла, колунда бычак бар" деген сөздөрү угулат. Бычактаганы айтылган адам жүзүнө маска тагынып алганы да видеого тартылган.

Ал эми бычактан жаракат алган жаран даракка жөлөнүп отуруп "мен жөн эле башка адам менен сүйлөшүп тургам" деген.

Окурмандын айтымында, кебетеси азиялык болгон жабырлануучу - Кыргыз жараны. Ал короо шыпыргыч болуп иштеп жаткан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
.turgun
2019-04-06 22:00:28
Колун сынгыр орус
+5
Agayu
2019-04-06 22:06:48
Азыркы жашоодо жашоо отто кыйын болуп бараткандай .Кантснда ар кандай жаман нерселерден сактасын баарыбызды .Оо Аллахым бир гана озун сактай кор !!!
+13
i1urp
2019-04-06 23:02:32
Ооо Тенирим элибизге тынчылык бере кор. Кырсыктан сактап, жамандыктан алыс кыла кор.
-23
tursunbaev78
2019-04-07 12:42:00
i1urp,теңирчилер тойгоздуңар
+5
Sakubek
2019-04-06 23:40:39
Кана видео
+1
JaneEr
2019-04-06 23:44:23
Скинхед окшойт
+8
DaNgErOuSs
2019-04-07 00:03:28
Аман эсен бекен байкушум кыргызым? Аман эсен соо кайтып келгиле мекенге. Кудай сактасын ар балээден!
+7
Дарыгер
2019-04-07 01:29:13
Аман бекен . Кабарды толук жазбайсынарбы
+2
Kimbar
2019-04-07 01:45:58
Дарыгер,Аллага шүгүр аман, видеодо абалы жакшы эле болчу, менин оюмча бычакты шилтегенде артка качып калган ошондуктан бычактын мизи тилип кеткени көрүнөт, эми дарыгерлер жакшы карашса бат эле айыгып кетээр буюрса.
+6
Chungyz
2019-04-07 01:53:18
Эгер биз кунолуу болсок дароо бизге басым кучойт болчу
+7
tursunbaev78
2019-04-07 12:44:46
Chungyz,биз күнөөлү болсок,федеральный телеканалдары сайрайт эле,мигранттар кылмыш кылды деп,мигранттар жабыркаса эч ким унчукпат
+3
Kroxa
2019-04-07 06:44:37
Апрель таз баштар чыгат абайлагыла...былтыр бир тажиктин кызы
олгон армян бала да каза тапкан апрель тазбаштар 9 майга чейин ушундай коркунучтуу...
+2
Gulnyr19
2019-04-07 11:38:54
Кечээ инстаграммда видео чыгарыптыр бул киши мен жакшымын жумуштамын деп.
0
duyshon.kg
2019-04-07 13:50:35
Бул киши жакшы кече сүйлөшкөнбүз видео звдан
0
eddi.
2019-04-07 18:04:46
Орусияда апрель айында скинхед дегендер кутурчу эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан