Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары белгилүү болду

Кечээ, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. Анын сөөгү 8-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, актриса бөйрөк оорусунан жабыркап жүргөн.

"Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүндө 8-апрелде саат 10до өтөт. Андан кийин "Ала-Арча" көрүстөнүндө маркумдун сөөгү жерге берилет", - деп кабарлашты аталган министрликтен.

Жаркын Балыкбаева Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сабак берип келген.
Ал Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы эле. Жолдошу 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuba-savai87
2019-04-07 16:19:01
Жакында эле ушул актирисадан интервью алышты беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан