Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында КСДП партиясы Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасын өткөрүүдө. Бул иш-чарага аталган партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев катышууда.
Аталган имараттын алдында боз үйлөр тигилип, 300дөн ашуун адам чогулду. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер бар.
Иш-чараны Атамбаев "Медиа-Форум" имаратынын алдына 7-апрель окуясына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен баштады. Андан соң Апрель окуясында шейит кеткендерге багышталып куран окулду.