Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: "9 жыл мурда дал ушул күнү ок жегендер көз алдыбызда кулап жатты"

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Медиа-Форум" имаратынын алдында КСДП партиясы Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасын өткөрүүдө.

Аталган иш-чарада укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Апрель окуясында курман болгондорду эскерди.

"Бул тарыхта калган күн болду. Толкуган эл биринин колунан бири курал талашып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Көз алдыбызда ок жеп каза болгондор жыгылып жатты.

Алмазбек Атамбаев, сиз мыкты өлкө башчы болдуңуз. Кыргыз мамлекетинде тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бердиңиз. Бул сиздин айкөлдүк кылганыңыз. Эл рахмат айтышы керек. Ошондой эле 7-апрелде жакындарын жоготкондор, кайрат кылыңыздар", - деди укук коргоочу.

Мындан тышкары Үмөталиева Бишкектеги борбордук аянтта кан төгүлгөн жерлерге жылдызча белгилерин түшүрүүнү сунуштап, эл тебелебесин деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nursbaike
2019-04-07 13:58:51
Эмнеге эл рахмат айтыш керек . Президенттик атасынан калган жумуш эмес эл тандайт эл шайлайт наоборот элге рахмат айткыла ХХХХ десе эле эби менен ххххх.
+7
bema_bema
2019-04-07 14:13:37
Жон эле чон аталарынан калган мурастай суйлошот,тынч откоруп бердиниз деп
+9
bond02
2019-04-07 14:44:42
Ушул катынды суйлотпой эле коюшпайбы.
+7
urmat94
2019-04-07 22:26:22
Коз алдында эмес эле телевизордон коруп отурсан керек бекинип кочого чыкпай
+3
aydinnur
2019-04-08 11:15:51
Токтайым Үмөталиева ошол күнү аянтта жүргөнү чындык, жөн эле ушак сөз айта бербей чынды чын деш керек.. Жалгыз ушул аял жүрдү,калганы камакта жаткан учурда..Эр жүрөктүгүнө баа бериш ашык болбойт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан