UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко Бишкекке келди

Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарына UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко келди. Спортчуну тосуп алуу үчүн өлкөнүн вице-премьер министри, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары баш болгон бир нече аткаминерлер, Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кулатуу эр таймаш федерациясынын өкүлдөрү жана бир топ күйөрмандар келишти.

Мушкер туулган жерине болгон сапарынын алкагында эртең, 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, 16:00дө күйөрмандары менен жолугушат. Ал эми 9-апрелде Шевченко Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандарына жолугат.

Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFС уюумунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.

Апасы Елена Шевченко таэквондо менен машыккандыктан кыздары Валентина менен Антонина дагы спортко жакын болуп өсүшкөн. Валентина 5 жашында спорттун ар кайсы түрү менен машыгып, 6 жашынан эле мелдештерге чыга баштайт.
Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучу алып, аны мыкты спортчу кылып тарбиялап чыккан.
Валентина Шевченкого муай тайдан Кыргыз өлкөсүндө, Азияда атаандаш жок болуп калган. Кийин Валентина Шевченко дзюдо боюнча "Кыргыз Республикасынын Спорт чебери" аталган. Эркин күрөш боюнча көп мелдештерде байгелүү орун алган. Атактуулуктун арты менен түрдүү семинарларга, сыйлуу жайларга чакырыла баштаган. Ошондой деңгээлге жеткен соң каарманыбыз Орусияга жөнөп, кийин бокс боюнча айымдар арасында "Орусиянын чемпиону" аталган. Анан семинарлардын биринде Перудан баш тартылгыс сунуш түшүп, ошол өлкөгө аттанган. Учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргыз мамлекетинин желектерин көтөрүп чыгат.

Шевченко 2018-жылдын декабрь айында өткөн соңку беттешинде польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.

Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elchi84
2019-04-07 20:13:35
Мына ушуну жанылык десе болот .
+5
oscar
2019-04-07 20:35:59
Сары кызды тосуп чыкса болот
+3
Komrad
2019-04-08 00:36:56
Мыкты адам
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан