Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчёту каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жасайт. Комитет жыйынында 6 маселе талкууланат. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.