Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылууга мамлекеттик бюджеттен 200 миллион сом каралган

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы "Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу" боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору каралды.

Талкуу учурунда депутат Төрөбай Зулпукаров айыл жергесин таза суу менен камсыз кылууга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттен канча каражат каралганын жана кредиттик макулдашуу менен алына турган 10 миллион доллар кайда жумшалат деген собол салды.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин директору Аскарбек Токтошев бюджеттен таза суу үчүн 200 миллион сом каралганын айтты.

"10 миллион доллардын 7 миллион 250 миң сому курулушка, 140 миң сом жабдууларды жеткирүү, суу тетиктерин калыбына келтирүүгө 320 миң сом, долбоорду башкарууга 200 миң сом сарпталат", - деди Токтошев.

Зулпукаров аталган департаменттин жообун канааттандырарлык эмес экенин белгиледи. "Ушул маалыматты кагаз түрүндө бергилечи. Себеби оозеки баяндамада толук жооп болбой жатат же сиз колуңузда турган маалыматты айтып бере албай жатасыз", - деп эл өкүлү Токтошевди сынга алды.

Депутат Эмил Токтошев бул маселе боюнча өткөн жумада дагы өкмөттүн өкүлү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна так жооп бере албагандыктан артка кайтарылганын билдирди. Мындан тышкары комитеттин депутаттары бир топ сындарды айтуу менен макулдашуу долбоорун кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ysakov_Nur
2019-04-08 12:45:29
Бул жанылыкты мен "айыл-чарба министрлигин тешик курсагын тойгозууга 200млн сом каралган"- деп тушундум.
+1
shahlet
2019-04-08 14:18:15
Эл озун озу эле камсыз кылып журушот.Кайдагы таза суу?Канча миллиону кимдин чонтогуно!
+1
katerina.li
2019-04-08 16:05:45
Кана анан ошо 200млндук таза суу. Колонка казып эле жердин астындагы суунуичип атышатко эл. Башка жакта кандай экенин билбейм ,таласта ошондой. Таза суунун мурунку башчысы таластагы килллейген уй салды го. Айлыгы ошончобу?? Неге текшербейт ошондой чондорду???
0
nur_zhoni
2019-04-08 17:01:33
Карыз алса деле ошо албаса деле ошо баарыбир таза суу жок
+1
xnurgul_gul
2019-04-09 04:41:33
Майлуу суу шаарын дагын караштырып койгулачы элдер ылай суу ичип жашашат акчасы барлар легенда сатып ичишет жоктор ботала ичип оорулуу болуп калышатт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан