Бүгүн, 8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Ала-Бука-Каныш-Кыя ашуусунда, ал эми Чапчыма Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
10-12-апрелде Кыргыз өлкөсүндө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаап, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.