Валентина Шевченко туулган жерине болгон сапарынын алкагында бүгүн, 8-апрель күнү саат 14:00дө журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Эми күйөрмандары менен соода борборлордун биринде жолугушуп жатат. Ошондой эле 9-апрелде Ош шаарындагы борбордук аянтта күйөрмандарына жолугат.
Мушкер акыркы жолу Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.
Валентина Шевченко 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFС уюумунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда турат.
Шевченко 2018-жылдын декабрь айында өткөн соңку беттешинде польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон. Анын кийинки беттеши 9-июнда АКШлык Жессика Айга каршы өтөт.
Мушкер акыркы жолу Кыргыз жерине 2011-жылы келип, Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн.