ЭЛДИК КАБАР: "Ноокенде суу канал эки жылдан бери тазаланбай, андан ашкан суу турак үйлөргө кирип жатат" дейт окурман

Ноокен районунда канал эки жылдан бери тазаланбагандыктан, андан ашкан суу үйлөргө кирип, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүндө суу каналдар казылбай калган. Сууну каналга агызган учурда таштанды агып келет. Мындан улам канал толуп, андан ашкан суу үйлөргө кирип жатат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ainur78007
2019-04-09 00:03:47
Ашар жолу менен озунор деле тазалап алсанар болмок,уйунорго киргиче карап отура бербей.
+1
Nuraz
2019-04-09 02:32:42
Биздин айылда ар бир уйдон акча чогултуп,суу келчуу каналдарды экскаватор менен тазалашат жылда. Силердерда бир жеринерди которгулода, 200 депутат барып тазалабайтда.
+1
taalai1008
2019-04-09 08:10:13
Алма быш оозума түш. Карап отурсаңар өзү тазаланып калат.
+1
tynara81
2019-04-09 15:46:06
Баткендеги жаандан кийин чыккан курттар тууралуу кабар жок го, кайда кетти ?
0
admin_portal
2019-04-09 16:12:27
tynara81, саламатсызбы! Бул жакта:https://www.super.kg/kabar/news/268609/
0
shahlet
2019-04-10 02:57:42
канал деген туру жокко. кантип айтты экен автор канал деп!?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан