Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдагы иши боюнча отчёту каралат. Баяндаманы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жасайт. Мындан тышкары жыйында өкмөттүн бир жылдык отчёту боюнча баяндаманы Жеңиш Разаков жасайт.
Күн тартип боюнча жыйында 3 маселе каралат. Жыйындын соңунда ар кандай маселе талкууланат.