Кыргыз жарандыгын 636 адам кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 538и чоң адамдар жана 98и балдар. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 448 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкты. Анын ичинен 365и чоң адамдар жана 83ү балдар.