Бишкекте 17 жаштагы Искендер Имамали уулу изделүүдө. Ал январь айында жумуш издөө максатында үйдөн чыгып кеткен

Бишкекте 17 жаштагы Искендер Имамали уулу изделүүдө. Бул тууралуу анын апасы Махабат Сулайманова SUPER.KG порталына билдирди.

Сулайманованын айтымында, уулу ушул жылдын январь айында үйүнөн жумуш издөө максатында чыгып кеткен.

"Балам 9-классты аяктаган соң окуган жок. Ал "Ош базарында" иштечү. Январь айында жумуш издеп жүргөн. Ошол убакта дос баласы менен өзүнчө батирге чыгып, жашай турганын айтты. Уурулук кылып, жаман иштерди жасаба деп акылымды айтып акыркы жолу сүйлөшкөм. Кийин телефону өчүк болгондон ал иштеген базарга бардым. Ал жактан чогуу иштегендери балам Талас облусуна же Сокулук районуна мал бакканга кетиши мүмкүн экенин айтышты. Башка кабар жок. Эгерде баламды көрүп-билгендер болсо, мага байланышып коюуну өтүнөм", - дейт Махабат Сулайманова.

Сулайманова Ленин РИИБине баласын издөө үчүн арыз менен кайрылган.

Эгерде сүрөттөгү өспүрүмдү көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү номерге байланышып коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш телефону: 0704 17 98 10

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
izdeim_seni
2019-04-09 09:10:47
Уфф менин Таласымла ушундайлар көбөйдү. Ата-энеси жок же улуту башка, акыл-эс жагынан саал көйгөюү бар адамдарды мал артынан коё берип малай кылган. Бала аман-эсен табылып калсын!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан