Жалал-Абад. Өткөн суткада облуста 5 өрт кырсыгы катталды
"Аба ырайынын кескин ысышынан улам аймакта жайыттардын өрттөнүшү көп катталууда",- дейт Жалал-Абад облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакытбек Нишанов. Анын айтымында, өткөн суткада облус боюнча 5 өрт кырсыгы катталган. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталып жатат.