Жалал-Абад шаарында быйыл жаш балдардын өлумү көп катталууда. Мындай билдирүүнү бүгүн, 29-июлда облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Маматалиева билдирди. Жыл башынан бери 18 ымыркай жарык дүйнө менен коштошконун айтат ал. Алардын 60 пайызын аз салмакта төрөлгөн ымыркайлар түзөт. Ошондой эле айрымдары сасык тумоодон, дем алуу органдарындагы кемчиликтерден жана тубаса оорулуу болуп төрөлүп каза болууда. "Өткөн жылдын 6 айында 16 ымыркай каза болсо, быйыл 18 ымыркай көз жумду",- деди Маматалиева.