Социалдык өнүктүрүү министрлиги адамгерчиликтүү мамилеге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга коомчулуктун көңүлүн буруу максатында “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция уюштурууда. Министрликтин басма сөз кызматы иш-чара сентябрь айынын башында боло турганын кабарлады. Акцияга жатак үйлөрдөн, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды реабилитациялоо борборлорунун тарбиялануучулары жана башкалар чакырылган. Ошондой эле депутаттар, министрликтердин, шаар мэриясынын өкүлдөрү катышат. Бардык катышуучуларга түймө түйүү, шуру тизүү, кол өнөрчүлүк, бий, өзүн-өзү тейлөө боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Мындан сырткары ар түрдүү оюндар, сынактар, сатып түгөтүү жарманкеси уюштурулат. Эстрада жылдыздары ырдап, бекер суусундуктарды таратуу да каралган.