Бүгүнкү күндөн баштап "Коопсуз шаардын" жаңы камералары иштей баштайт (тизме)

15-апрелден тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун жаңы 16 камерасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, камералар төмөнкү жерлерде жайгаштырылды.

  1. Бишкек-Ош жолунун 154,3 чакырымы;
  2. Бишкек-Ош жолунун 160 чакырымы;
  3. Бишкек-Чалдовар жолунун 61,6 чакырымы (Кара-Балта шаары, "Мээрим" дүкөнүнүн тушунда);
  4. Бишкек-Чалдовар жолунун 66 чакырымы (Алексеевка айылы);
  5. Бишкек-Чалдовар жолунун 67,3 чакырымы (Вознесеновка айылы);
  6. Бишкек-Чалдовар жолунун 74 чакырымы (Панфиловка айылы);
  7. Бишкек-Чалдовар жолунун 78,2 чакырымы (Панфиловка айылы);
  8. Бишкек-Торугарт жолунун 17,700 чакырымы (Киргшелк айылы, "Газпром" май куюучу жайынын жанында);
  9. Бишкек-Торугарт жолунун 18,800 чакырымы (Люксембург айылы "Бишкек Петролеум" май куюучу жайынын жанында);
  10. Бишкек-Торугарт жолунун 20 чакырымы (Люксембург айылы Ленин-Западная көчөлөрүнүн кесилиши);
  11. Бишкек-Торугарт жолунун 25 чакырымы (Кант шаары, "Газпром" май куюучу жайынын жанында);
  12. Бишкек-Торугарт жолунун 31,7 чакырымы (Красная-речка айылы, Ленин көчөсү, 151);
  13. Бишкек-Торугарт жолунун 39,8 чакырымы (Ивановка айылы, Ленин көчөсү, 238);
  14. Бишкек-Торугарт жолунун 47 чакырымы (Дружба айылы, Ленин-Чүй көчөлөрүнүн кесилиши).

Мамлекеттик органдардан тиешелүү сертификаттар алынган соң буга чейин Бишкекте орнотулган камералар дагы толук ишке киргизилет.

"Коопсуз шаар" боюнча келишимге ылайык, долбоордун 1-бөлүгүнүн алкагындагы бардык 110 камера 12-майга чейин орнотулуш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Umakg
2019-04-15 10:32:07
Шаарга эле эмес коопсуз учун баардык жерге койуш керек кылмыштарды ачыш учун жана кундогудой
+3
titanik32
2019-04-15 11:12:58
Өлгөн турбайбы эми,Оштон Бишкеке барып келиш үчүн 10-20 миңге чейин штраф тартат окшойбуз.Эми кандай жол жүрөбүз же кыбырап барып келебизби.Элди куурата турган болдуңар го.
-10
ali1995
2019-04-15 21:22:26
titanik32, штраф кылбай айдасан
0
Erik2018
2019-04-15 11:35:04
Мыйзамды, эрежени сактасак мышыгыма пыш дей албайт
+8
bond02
2019-04-15 11:39:37
Кыргызстанда, бирок Россиянын бир айылдарын аралап жургондой эле болосун го.
+1
bessmertiy
2019-04-15 12:01:20
bond02,туура, бүт эле орусча аталыштагы айылдар го. Кыргызча кылып өзгөртүш керек.
+3
Chungyz
2019-04-15 12:02:51
Алдын ала знак барбы кен камера га
+2
Sicilya
2019-04-15 12:10:12
ХХХХ эле арнерсени суйлой бересинерби акырын айдаш керек жете турган жерине 1саат 2саат кечигип барсан муйуз чыгып кетбейт кыскасы мен туура деп ойлойм камералар коюлганы кудай сактасын катуу айдап машина коюп кетсе дагы айтасынар акырын айдаса болотда деп
+3
senchi
2019-04-15 12:49:04
Кыргызча көчө жокпу
+2
malsirun
2019-04-15 13:34:21
эң туура штрафты очойтуп тологондо анан айдашты уйронушот.Кыргызстанда 90%айдоочулар тартипти билишпейт.
+3
kanybek1986
2019-04-15 13:48:28
Ушул айылдарды кыргызчага өзгөртсө болбойбу баары эле орусчаго
0
nur_zhoni
2019-04-15 14:08:50
Бишкекте 2 эле кочодогу камералар иштейт экенго чынбы маршурт айдаган айдочулардын бири айтып калды эки кочодогу камерадан келет экен штрафтар дейт
0
Daniel01
2019-04-15 15:41:31
Ак уйдун ичине дагы камера койгула
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан