ЖЫЛНААМА, 15-АПРЕЛЬ: Ырчы Алла Пугачёва 70 жашка толду

Легендарлуу ырчы Алла Пугачёва 1949-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында төрөлгөн. Бала кезинен эле музыкага шыктуу, өзгөчө ырга жакын болгон. Мектепте окуп жүргөндө бир топ кечелерде ырдаган, мектепти аяктап жатып 1965-жылы бүткүл союздук радионун "Кутман таң" берүүсүнөн "Робот" деген ырды ырдап чыккан. Бул анын музыка дүйнөсүнө чындап кирип, эл арасына жаңырган биринчи чыгуусу болгон.

Мындан соң Михаил Ипполитов-Иванов атындагы Москва мамлекеттик окуу жайындагы дирижёр-хор факультетинен билим алган. Студенттик кезинде көптөгөн чакан концерттерде ырдап жүргөн. 1980-жылдары "Рецитал" тобу түзүлүп, анын солисти болгон. Аталган топто аткарган бир нече ырлары эл арасында Алла Пугачёва деген аттын жайылышына негиз болгон. Бул топ түзүлгөнгө чейин да анын "Москвичи", "Новый электрон" деген ырлары калың элдин катмарына сиңип, кечелерде жаштардын сүйүктүү ырларына айланган.
Ал эми алгачкы ийгиликтери жөнүндө айта турган болсок, 1975-жылы өткөн "Золотой Орфей" фестивалына Алла Пугачёва "Все могут короли" ыры менен катышып, Гран-прини жеңип алат. Буга катар 1978-жылы "Сопот-78" деген аталыштагы сынак өткөрүлүп, мында да Гран-принин ээси болгон.
Ошондон улам Алла Пугачёва хит ырларды жаратып, атагы алыска тарап, ар кандай сынак, фестивалдарды жеңип, көптөгөн сыйлык, наамдарды багындырып, 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамына арзыган. Чыгармачылык жолунда Пугачёва 500дөй ыр аткарды.
20 жашында ырчы Миколас Орбакас аттуу цирк актёруна турмушка чыгып, кыздуу болушкан. Ал кызы Кристина Орбакайте да белгилүү ырчы. Бул турмушунан ажырашкандан кийин Алла Пугачёва Александр Стефанович, андан соң Евгений Болдин менен турмуш курган. Алар да чыгармачыл чөйрөдөн болушкан. Бирок чыгармачылыгын кошо алып жүрүүнү көздөгөн аялга туруктуу үй-бүлө күтүү кыйынга туруп ажырашкан. Ал эми ырчы Филипп Киркоров менен 1993-жылы үй-бүлө куруп, 12 жыл чогуу жашаган.
Учурда 70 жаштагы Алла Пугачёва өзүнөн 27 жаш кичүү алып баруучу Максим Галкиндин жубайы. Алар 2011-жылы баш кошушуп, 2013-жылы карын эненин жардамы менен эгиз балалуу болушкан.
15-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhanybek88
2019-04-15 13:23:31
Куттуктаймын Алла эже
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан