Москвада киши колдуу болгон 29 жаштагы Кыргыз жараны жерге берилди. Артында үч баласы калды

Москвада киши колдуу болгон Кыргыз жараны 29 жаштагы Н.Таалайбек уулунун сөөгү 13-апрелде Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында жерге берилди. Маркумдун артында үй-бүлөсү, эки уулу жана бир кызы калды. Окуя тууралуу SUPER.KG порталына анын Рысбек аттуу досу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Досубуз 10-апрелде кечки саат 9:25те түнкү сменде иштөө үчүн үйдөн чыккан экен. Апасы жумушка узатканын айтты. Дайынсыз болуп жатканда досторубуз издеп жатканын айтып чалышты. Мен жумушумду таштап, издөө үчүн 4 дос бала жолугуп бара жатканда сөөгү табылганын кабарлашты. Жашаган жеринен 500 метр алыстыкта суу агып турчу. Ошол жерде жайгашкан көпүрөнүн астынан сөөгү табылыптыр. Буюмдарынын баары, акчасы жанында, телефону сууда экен. Сумкасында жумуштан тамактанам деп салып алган тамагы да бар экен. Курулушта иштеп жаткан. Досум кичи пейилдик менен баарына жакшы мамиле кылчу. Сөөгүн көрсөк да каза болгонуна ишене албай отурабыз", - деди ал.

1990-жылы туулган Кыргыз жаранынын сөөгү 11-апрелде саат 14:57де Москвада табылган. Алдын ала териштирүүдө маркум катуу сабалгандан кийин каза болгону белгилүү болгон. Факты боюнча "ден соолугуна оор залал келтирүүнүн адам өлүмүнө алып келүүсү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин элчилик көзөмөлгө алганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Maks_shop
2019-04-16 02:14:48
Аллахым куноолорун кечирсин
+7
baktybek90
2019-04-16 08:06:05
Жайын жаннаттан болсун оомин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан