Биз социалдык тармакта

Bloomberg: АКШ Конгрессинин эки палатасын тең демократтар көзөмөлдөйт

АКШда өткөн аралык шайлоонун жыйынтыгында Демократиялык партия Конгресстин Өкүлдөр палатасында жана Сенатта көпчүлүк орунга ээ болот. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып жазды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, демократтар Сенаттан 54, ал эми Өкүлдөр палатасынан 232 орун алат. Ал эми республикачылар тиешелүүлүгүнө жараша 44 жана 139 мандатка ээ болот.

Учурда Конгресстин эки палатасын тең Республикалык партия көзөмөлдөйт. Алар Сенатта 53, Өкүлдөр палатасында 219 орунга ээ.

АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын таанууга жана демократтар менен иштешүүгө даяр экенин билдирген. Ал республикачылардын жеңилүүсүн Иран менен жаңжалдан улам бензиндин кымбатташы менен байланыштырган. Бирок шайлоодогу ийгиликсиздикти жеке жоопкерчилиги катары эсептебей турганын айткан.

Маалыматка ылайык, шайлоодо Өкүлдөр палатасындагы 435 орундун баары, ал эми Сенаттагы 100 орундун 35и үчүн добуш берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан