ЭЛДИК КАБАР: Окурман Ош-Бишкек жолундагы посттордо унаалардан акча алынып жатканын айтып, УКМКдан текшерүү жүргүзүүнү суранууда

"Ош-Бишкек жолундагы Сосновка жана Токтогул постторунда айдоочулардан акча алгандан башка эмне иш кылат?" - деп окурман SUPER.KG порталына кайрылды.

"Ушул посттордун коюлганынан бери бир жыйынтык чыктыбы? Ар бир унаадан акча алат экен, өзгөчө таксилерден 100-200 сом алат, спринтерлерден 500дөн алат экен. Эмне максатта алып жатышат? "Жүгүң менен келе жатасың" деп эле ала беришет экен. Мен кечээ өз көзүм менен көрүп келдим. УКМК жана башка тиешелүү мекемелер ушул постторду текшеришсинчи", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
shankol88
2019-04-16 12:07:28
Туура айткан...
+6
Goodyer
2019-04-16 12:33:32
андай нерселер бизде болуп жургон боло берет
+6
patiydin
2019-04-16 19:04:55
Мендагы транзит номер менен Россиядан келе жатып 350 сом толодум. Бул акча кайда, кай жерге иштелип жатат?
+4
jaskaaa
2019-04-16 21:53:06
patiydin,чек талап кылыныздар! Айдочуулар өз укуктарын билбейт көбү же документ тууралабай жүрө беришет.Жүк таашыган бусиктердин ар бир экинчи элди уузунан жаткырып алып кете беришет. Үн эки алакандан чыгат.
-1
Missing-u
2019-04-16 23:01:18
jaskaaa,жолго налогко деп алат чек чыгарып берет.
0
Krai
2019-04-28 12:49:08
Эң бир туура маселе койгон сосновкадагы өткөрмө пунктуна жетпей гаилер бар ошолор жөнүндө сөз болуп жатат
Токтогул районуна кире беришиндеги гаилер да акча эле дей беришет экен
0
Elaman_Arypov
2019-04-28 17:33:12
Ушунтип жок дегенде баардык уунадан 200дон алып кытайдын карызынан кутулуш керек.
0
4ika1989
2019-04-28 19:21:45
Менда кошулам текшерсе жакшы болмок? Жакында барып келдим 500 төлөп өттүм мен дагын эмнеге десем номерин Российский экен дешти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан