Эгер АКШнын чалгын маалыматын ачыкка чыгарган Эдвард Сноудендин убактылуу баш калканч берүү өтүнүчү канааттандырылса, ал Москванын сыртындагы качкындар лагерине жиберилиши мүмкүн. Федералдык Миграция кызматынын Москва бөлүмүнүн жетекчиси Ольга Кирилованын айтымында, шаардын өзүндө Сноуденге ылайыктуу качкын бөлүмү жок. Кирилова Сноудендин коопсуздугун камсыздоо зарылчылыгынан улам, ал Шереметьево эл аралык аба бекетинде кайтарууда кала берип жаткандыгын бышыктаган.