"Дача-СУ боюнча тергөө иши кайрадан башталып, мени күбө катары чакырса көрсөтмө, маалымат бергенге даярмын" дейт акимдин орун басары Мавлян Аскарбеков

Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.

Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби?

SUPER.KG порталынын "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген соболуна Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков жооп берди.

Ал Дача-СУ абдан орчундуу маселе экенине токтолду. "Бул маселе боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдогом. Эң башкы маселе бул биздин мамлекетте ушундай элдин жанын алган кырсык биринчи ирет катталган. Бул маселе кандай чечилди? Келечекте бизде ушундай кырсыктар боло турган болсо ушул преценденттен мисал алынып, маселе чечилет. Мына ошол ойду комиссияга жана ошол кездеги президентке жеткирип, талап кылып айтып күйүп-бышкан элем. ИКАО жарандык авиациянын эл аралык уюмунун талабына ылайык, аэропортто учак уча турган жолдон 3 чакырым аралыкта адамдар жайгашпаш керек. Дача-СУ кооптуу зонага киргенине байланыштуу учак кулап, адамдар каза болгон. Ал жердин жашоочуларын башка жакка көчүрүү дагы талабы коюлган. Тилекке каршы, ал талап аткарылган жок. Андан тышкары түрк тарабынан төлөнө турган компенсация маселеси дагы ачык бойдон калууда. Ошолордун бардыгын ошол убакта катуу көтөрүп айткам. Бирок бул маселе чечилген жок. Бүгүн дагы маалымат окуп калдым, тергөө иши кайрадан башталыптыр. Мени күбө катары чакыра турган болсо барып өзүмдүн көрсөтмөлөрүмдү жана маалымат бергенге даярмын. Ошол убакта эл чогулткан акча дагы кандай бөлүштүрүлгөнү бүдөмүк бойдон калып калган. Негизги маселе жана суроолор ачык бойдон калып жатат. Жаңы бийлик, жаңы башкы прокурор, УКМКнын жаңы төрагасы ушул маселеге дагы бир ирет кайтып келип, дыкат карап, бейтарап чечет деген ойдомун", - дейт Аскарбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, юрист Канатбек Азиз, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан