Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёт берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, күн тартибине ылайык бул маселе эң биринчи болуп каралмакчы. Кечээ парламенттин эки комитети (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет) баш прокурордун маалыматын угуп, отчётун жактырган.
Бүгүнкү жыйында депутаттар Өмүрбек Текебаевге тиешелүү "Белизгейт" иши, Дача-СУ аймагына кулаган Боинг учагы, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча суроолорду берери күтүлүүдө.