Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отчёт берүүдө.
Анын маалыматына ылайык, 2018-жылы жалпы республика боюнча 29 миң 706 (2017-жылы 27 миң 706) кылмыш катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миң кылмышка көбүрөөк катталган.
Аймактар боюнча кылмыштардын саны:
"Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын ичинен 823 (2017-жылы 957) кылмыш өзгөчө оор кылмыштардын түрүнө кирип, жалпы катталган кылмыштардын 2,8 пайызын түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 134 кылмышка төмөндөгөн", - деди Жамшитов.