Америкалык ырчы Бритни Спирс чыгармачылык карьерасын жыйынтыктап, акчага сатып алууга мүмкүн болбогон нерсени издейт

Белгилүү америкалык ырчы Бритни Спирс чыгармачылык карьерасын токтотот. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, анын мындай чечимине психикалык жактан жабыркагандыгы себеп болууда.

Белгилүү болгондой, Бритни Спирстин атасы ооруп, эки ирет операция жасаткан. Мындан улам атасынын ден соолугуна кабатыр болуп, психикалык жактан дарыланууга жазылган.

"Ырчынын жакындары дарылануу үчүн көп каражат кетет деп кабатыр болгон жок. Анткени Бритни Спирс ал акчаларды бир канча жыл мурда таап койгон. Бирок ырчы азыркы тапта топтогон каражатына сатып алууга мүмкүн эмес болгон нерсени - бакытты издөөдө", - деп жазылат маалыматта.

Бритни Спирс 2017-жылы "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп каражат тапкан 10 ырчынын катарына кирген. Аталган журналдын маалыматы боюнча ал бир жыл ичинде 34 миллион доллар каражат тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyi
2019-04-17 12:21:06
Ислам динин кабыл алсын бактылуу болот!
+1
Nursbaike
2019-04-17 12:52:29
Бакыт Ислам дининдееее
+1
bond02
2019-04-17 15:32:19
Бир мезгилдерде аябай жакчу сулуулугу. Азыр ал сулуулуктан калбаптыр, карып кетиптир.
+1
Kennedy
2019-04-17 17:21:48
Исламды кабыл алып, намаз окусун. Бакытты жараткандан жай намаз устундо саждага барып сурасын. Бир эле жолу саждага баш койгондо ушунчалык бакытты сезет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан