Элдин кыздары кыйын. Америкалык ырчы Ариана Гранде бир нече мүнөттүн ичинде 8 миллион доллар тапты

Атактуулукту эрте багынткан америкалык ырчы Ариана Гранде чыгармачылыгындагы бийиктиктерге жетти өңдөнөт. Ал бир нече мүнөттүн ичинде 8 миллион доллар каражат тапканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ырчы Ариана Гранде "Coachella" музыка фестивалынын ачылышын жасап, Ники Минаж жана "N Sync" тобу менен биргеликте ырдаганы үчүн ири көлөмдөгү гонорар алган. Буга чейин аталган фестивалдын ачылышында ырдаган атактуулар эки эсе аз гонорар алып келишкен. "Coachella" фестивалында Ариана Грандеден тышкары Кэти Перри, Селена Гомес жана Карди Би өңдүү ырчылар дагы ырдашкан.

"Coachella" (Коачелла) фестивалы 1999-жылдан бери Калифорнияда жыл сайын өткөрүлүп келет. Музыка жана искусство багытындагы фестиваль 3 күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Romantik.
2019-04-17 20:17:33
Секетиң кетейин жаным, көзүңдөн сенин)
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан