Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 25 жаштагы тургуну Каухар Өткүлбекова 2018-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын апасы Нуржамал Байзакова билдирди.
Анын айтымында, кызы Түркия мамлекетинде эмгектенип жүргөн. Акыркы жолу 2018-жылдын декабрь айында телефон аркылуу байланышкан.
"Кызым Түркияга 2015-жылдан бери барып, келип иштеп жүргөн. Ал жакта эс алуучу жайлардын биринде ашпозчу болуп иштечү. Өтүп кеткен жылдын декабрь айында акыркы жолу байланышкам. Андан бери дайыны чыкпай, биз өз ара издей бердик. Стамбул шаарындагы кызым иштеген кафеге ал жакта жүргөн тааныштарыбыз аркылуу сураттырдык. Бирок жетекчилери 4 ай мурун иштен чыгып кеткен деп айтышыптыр. Ал жактагы иштеген эжелер дагы көптөн бери көрбөй калганын билдиришиптир. Мен акыркы жолу сүйлөшкөндө иштеген жерим айлыкты убагында бербей, кечиктирип жатат деп айтып берген. Эртең Бишкектеги кыздарым Тышкы иштер министрлигине жана элчиликке кабар берет. Каухар, биз сени издеп жатканыбызды билсең байланышка чык", - деп билдирет апасы Нуржамал.