Тайырбек Сарпашев: "Акимге райондук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди дайындоо укугу берилет”

“Айрым мыйзам долбоорлоруна өзгөртүү киргизүү менен акимге райондук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди дайындоо укугу берилет”,- деди бүгүн, 30-июлда Чүй облусуна болгон иш сапарында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сокулук жана Москва райондорунун активдери менен жолугушууда. Айтымында, кадрдык түзүм өзгөрөт. “Райондук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кызматка бекитүү тууралуу токтомго акимдер кол коюшмакчы. Ошондой эле райондук кеңештерде шайлоо өткөргөнү жатабыз. Айрымдар бул аракетти артка чегинүү деп жатышат, бирок биз буга барышыбыз керек”,- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан