"Бала бакчалар жетпей жатса эмне себептен анын имараты сотко өткөрүлүп берилүүдө?" - деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов айтты.
"Бишкек шаарындагы Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу үйлөрдүн арасында жайгашкан бала бакчанын имаратын Биринчи Май райондук сотуна берип коюшту. Ал райондук сотто чыр-чатактуу маселелер каралат. Жергиликтүү тургундар бул маселени көтөрүп, чечип берүүнү өтүнүшүүдө. Өлкөдө бала бакчалар жетишпей жатса, эмне себептен ал имарат сотко өткөрүлүп берилүүдө?
Сотторго, прокуратурага мындай имараттарды өткөрүп бергенди токтотуу керек. Бул маселени карап чечип берүүнү өтүнөм", - деди депутат.