Кечээ "Ош базарынын" аймагындагы "Берекет универсал" базарында соодагерлер менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Базардын айланасындагы талаш маселелер, соодагерлердин нааразычылыгы буга чейин деле айтылып келген.
Аталган базардын соодагерлеринин айтымында, чырдын чыгышына күзөт кызматкерлери келишимибиз бүттү деп базарды кайтарбай чыгып кетип, кайра 2-3 күн өткөндөн кийин "өзүбүз кайтарабыз" деп кайтып келгени себеп болгон.
Атын атагысы келбеген базардын соодагерлеринин бири "Берекет универсал" базарынын ичиндеги көйгөйлөр тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, базарда иштегендерди "жаңы салынган имараттан орун сатып алып, ошол жакка көчүп кеткиле" деп мажбурлап жатышат.
"Өзүм 2005-жылдан бери ушул жакта соода кылам. Ошол жылы 5 чарчы метрдей жерди 3 миң 500 долларга сатып алгам. Ал кезде 3 миң 500 доллар чоң акча эле. Мындан сырткары соода кылганыбыз үчүн ай сайын 5 миң сомго жакын акча төлөп турам. Дагы бир кызык нерсе, бизден 25-26 күндө бир келип акча чогултуп кетишет. Ошондо 1 жылда 12 ай болсо да, биз жыл ичинде 13-14 жолу акча төлөп калабыз. Үнүбүздү эч ким укпаган соң ага да кайыл болуп, унчукпай иштеп келгенбиз. Эми бир топ убакыттан бери бул жерден чыгып кеткиле деп кууп жатышат.
Бизди кууп жаткан адам базардын өрттөнүп кеткен аймагына жаңы соода борборун салган. Ал адам бизди ошол соода борборго көчүрүп жиберип, биз иштеп жаткан аймакка дагы бир жаңы соода борбор курууну көздөп жатыптыр. Жаңы имараттар салынып, базардын аймагы иретке келип жатканы эң жакшы көрүнүш. Бизге имараттан орун беребиз десе жан дилибиз менен көчүп кеткенге даярбыз. Бирок ири суммадагы акча коротуп сатып алган жерибизден же акчабызды кайтарып бербей, же ордуна башка орун бербей кууп чыкканын каалабайбыз. Биринчиден, имараттан 1 чарчы метр жерди 1 миң 500 долларга сатып алышыбыз керек экен. Мен ал жакка көчүп барышым үчүн кеминде 5 чарчы метрлик орун сатып алышым керек. Ал үчүн 7 миң 500 долларды кайдан табам? Бул жакта азык-түлүк продуктыларын саткандар да бар. Алардын соодасы үчүн жок дегенде 15-20 чарчы метр орун зарыл. Алар 30-40 миң долларды кантип табат? Экинчиден, биз иштеп жаткан аймак менчик эмес, муниципалдык аймак. Бул жер мамлекеттин карамагында турат. Бизди кууп салууну көздөп жаткан адам буга чейин биз соода кылып жүргөн аймакты ижарага алып иштетип жүргөн. Ижаранын мөөнөтү өткөн жылдын аягында соңуна чыккан. Ошондуктан бизди мамлекет гана кууп чыгууга укуктуу.
Кечээки күзөтчүлөр менен болгон чыр тууралуу айта кетейин. Өткөн жуманын аягында базарды кайтарган күзөтчүлөр "келишимдин мөөнөтү бүттү, эми базарды биз кайтарбайбыз" деп чыгып кетишкен. Ошондон бери соодагерлер өзүбүз калып, түнү менен базарды кайтарып жатканбыз. Кечээ күнү күзөт кызматкерлери иттерди жетелеп келип, "кайрадан биз кайтарабыз" деп чыгышты. Алардын максатын ачык эле билип турабыз. Базардын сырт жагына бетон блокторду коюп даярдап коюшкан. Биз кечинде кеткенибизде кире бериш жолдорду жаап эч кимди киргизбей коюшат. Ошондуктан биз, өзүбүз кайтарып алабыз деп күзөтчүлөрдү кетирдик", - деди соодагер.