Өлкөдө ноябрь айына карата “Бала ырысы” жөлөкпулун алган балдардын саны 266 миң 166га жетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жөлөкпул төлөө үчүн 328 миллион 20 миң 598 сом талап кылынат. Октябрь айына салыштырмалуу алуучулардын саны 13 миң 467 балага же 5,3 пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле жөлөкпул алууга берилген арыздардын 84 пайызы “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылган.
Белгилей кетсек, “Бала ырысы” жөлөк пулу төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилет. Жөлөкпул ар бир айдын 1инен 10уна чейин алуучулардын банктык эсептерине которулат.