Кыргыз өкмөтү Казакстандын Чоң-Шынаа жайытын ижарага алууну сурап, бул үчүн казактарга Таластын Көк-Сай айылындагы каналды ижарага берүүнү сунуштоодо. Маалыматка ылайык, өткөн аптадагы 5 күнгө созулган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы ушундай болду. Бирок бул маселе өкмөттөр аралык деңгээлде да каралат. Чоң-Шынаа жайытын Казакстан 2001-жылкы келишимдин негизинде өзүнө өткөрүп алган. Өткөн жылы эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери жайыттын Кыргызстанга караган жагын казактарга, ал эми Казакстанга караган жагын кыргыздарга пайдаланууга берүү тууралуу макулдашкан. Көк-сайлыктар аталган жайыт союз мезгилинде Кыргызстанга таандык болгонун белгилешип, жер алмашууга каршы болушуп, 11 күн бою Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү "Быстроток" каналын бууп турушкан.