Асанбек Осмоналиев ШКУнун Кыргызстандагы улуттук координаторлугунан бошотулду
Асанбек Осмоналиев Шанхай кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы улуттук координаторлугунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Маалыматка таянсак, Осмоналиевдин бошотулушуна анын башка кызматка которулгандыгы себеп болду.