"Быйыл кышында Кыргызстанда электр энергиясындагы мезгилдүү өчүрүүлөр "Улуттук электр тармактары" ишканасынын көрсөтмөсү менен гана болушу ыктымал",- дейт “Түндүк электр” ишканасынын техникалык директорунун орун басары Каныбек Коңкобаев. Айтымында, электр жарыгы кандай тартипте өчүрүлөрүн аталган ишкана белгилейт жана “Түндүк электрдин” өз алдынча өчүрүүгө укугу жок. Азырынча кышында электр энергиясынын өчүрүлүшү же өчүрүлбөшү белгилүү эмес экенин айтат Коңкобаев.
Эксперттердин билдиришинче, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу кышында өчүрүүлөрдүн болушу күтүлөт