Жалал-Абад. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү "Асман пресс" гезити кечирим сурабаса, соттошууга даяр экенин билдирди

25-ноябрда өтүүчү шайлоого карата уюштурулган маалымат-жыйынында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов айрым журналисттер бир жактуу маалымат таратып жатканын билдирди. Ал: "Асман пресс" гезити "Ж.Төрөмаматов район башчыларын чогултуп алып, КСДПга добуш бергиле деп талап кылып жатат" деп жазды. Мен буга макул эмесмин. Башкы редакторуна менден кечирим суроосун талап кылып, эскертүү иретинде кат жаздым. Эгерде кечирим сурабаса, соттошууга барабыз",- деди. Ошондой эле өкмөттүн өкүлү шайлоодо эч кимге добуш бере албасын айтты. Анын себебин Бишкек шаарында катталганы менен түшүндүрдү. Ошондуктан ал шайлоо күнү облуста болуп, мыйзамдын сакталышын көзөмөл кыларын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан