Ош. “Тазалык” ишканасы шаардыктар менен жолугушууларды уюштурууда

25-июлдан баштап Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасы масштабдуу түрдө шаардыктар менен жолугушууларды уюштуруп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Жолугушуу Ош шаарындагы 12 аймактык кеңештерде жүргүзүлүүдө. Ишкана өкүлдөрү Туран аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуп, андагы көйгөйлөр менен таанышты. Ошондой эле коммуналдык тейлөөлөр үчүн баалардын жогорулашы тууралуу мекеменин кызматкерлери маалымат беришти. Мекеменин башчысы Шайлообек Атазов: “Айрым батирлерде жашаган шаар тургундары үйдө канча киши жашагандыгы тууралуу толук маалымат беришпейт. Мисалы, Туран аймактык кеңешинде 26 миң киши жашайт, ал эми таштандыга болгону 9000 сом төлөшөт” деди өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан