ЭЛДИК КАБАР: "Сокулук районунан үй сатып алганыбыз үчүн квартал башчысы акча талап кылып жатат" дейт окурман

"Сокулук районунан үй сатып алганыбыз үчүн квартал жетекчиси акча талап кылып жатат", - деген окурман SUPER.KG порталына кайрылды.

"Жакында эле Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл Туу айылынан үй сатып алганбыз. Тиешелүү документтерди жасап, Мамлекеттик каттоо кызматынан текшертип өткөрүп алганбыз. Эми ушул айылдын квартал башчысы "үйдү сатып алган акчадан 10 пайыз сумманы мага төлөшүңөр керек, болбосо электр энергиясын өчүрөм" деп жатат. Биз үйдү 10 миң долларга сатып алганбыз. Ошондо квартал башчысына 1000 доллар беришибиз керек экен. Үйдү саткан адамдан сурасак эч кандай акча бербегиле деп жатат. Кимге кайрыларыбызды билбей жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rysik79
2019-04-22 23:47:37
ХХХХ болуп калган айыл башы го.. ХХХХ квартальный экен да.
+2
admin_portal
2019-04-23 13:58:36
rysik79, эрежелерди сактаңыз. Эскертүү!
-1
oscar
2019-04-22 23:57:54
Ал жерде жакында сугатка суу алдыртпайт эми жарым жолдон буруп кетишет, барсаң каяктан келсең сууну ошол жерден алып келип ал дейт
+1
Nurbelek.
2019-04-22 23:58:09
Эмненин негизинде беребиз? Эгер берсек чек (квитанция) жазып бересиңби? Же коррупциябы бул? Эгер коррупция болсо финполго арыз жазабыз, деп айткылада, кандай өз укугуңарды коргой албайсыңар. Эгер тажатса, анда коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барып айтсаңар, алар силерге 1000$ берет, ошону алып барып берип жаткан жериңерден басышып тигинин өпкөсүн үзүшөт)).
0
Shakek
2019-04-23 07:08:25
Ограбление по кызылтууский го
Эч жерде мындый мыйзам жок
+1
Kroxa
2019-04-23 09:32:43
Курустон саткандарга окшойт го 2 чарчы метр жер 5 мин 3 мин доллар дегендер менен табакташ же тууганы...
0
admin_portal
2019-04-23 13:59:56
Muratmipa, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
admin_portal
2019-04-23 14:01:25
Farra16gsin, эреже бузганы үчүн БАН!
Дарыгер, эскертүү сызыгы толгон Түбөлүк БАН!
0
Farra16gsin
2019-04-27 12:00:12
Ураа бандан чыктым супер рахмат силерге чооң рахмат мага амнистия бергениңерге экинчи андай нерсе айткыс болдумго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан