Депутат Исхак Масалиев: “Зеленскийдин шайлоодон жеңишке жеткени - бул "украин эли саясаттан тажап бүттү" дегендин белгиси”

Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.

SUPER.KG порталынын "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, украин эли Зеленскийди эмес, "Слуга народа" сериалындагы анын каарманын шайлагандай көрүнөт. “Чыгармачыл адамдар кыймылдап, саясий жактан активдүү болуп калышат. Алар парламенттик, президенттик шайлоого барышат. Бул эми тамаша сөз.

Чындыгында бул "жалпы эл саясаттан чарчап бүттү" дегендин белгиси. Эл кинодо көрсөтүлгөн Зеленскийдин иш-аракетин чындык деп эсептеп, кабыл алгандай көрүнөт. Алар "кандай болсо да ушул бала кинодогудай болуп турмушта дагы иштеп берсе жаман болбойт" деп шайлашты”, - дейт Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясатчы Адахан Мадумаров, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан