Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын съездинде көзүнө жаш алды

Казакстанда "Нур Отан" партиясынын съезди өттү. Съездде экс-президент Нурсултан Назарбаев ушул жылдын июнь айында өтө турган кезексиз президенттик шайлоого Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Мындан сырткары Назарбаев өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү чечимин кандайча кабыл алганын айтып берди.

"Июнь айында менин өлкө тизгинин колума алгандыгыма 30 жыл толот. Бул аралыкта өлкөбүз көптөгөн нерселерди башынан кечирди. Мени ушунча жыл өлкө башчысы катары кармап турган элдин чыдамы үчүн ыраазымын. 30 жыл аралыгында өлкө үчүн бир нерсе кыла алган болсом - анда мен бактылуу адаммын. Мен президенттикти тапшырып берүүгө 3 жылдан ашык убакыт даярдандым. Бул бир күндө гана кабыл ала койчу чечим эмес. Мен айланадагы окуяларга көз чаптырып, өткөн чак менен келер чакты талкууладым. Кадрларга көңүл буруп, алардын ар бирине үмүт арттым. Акыры чечим кабыл алынды жана мен ал чечимди туура деп эсептейм", - деди Назарбаев.

Съезддин аягында Бекболат Тилеухандын аткаруусунда "Менин элим" аттуу ыр жаңырды. Нурсултан Назарбаев кошулуп ырдап, көзүнө жаш алды.

Нурсултан Назарбаев көзүнө жаш алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2019-04-23 22:18:36
Татыктуу кызмат кылды элге
+1
Wibee
2019-04-24 04:06:26
Chungyz,Казактарды 120млярд доллар карызга батырганы учунбу?
+1
33SUUN
2019-04-23 22:31:12
30 жыл чыдаган элге чындыгында рахмат айтуу керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан