"Супер-Инфо" гезити уюштуруп жаткан "Супер сулуу-2012" сынагынын финалчылары аныкталып, финалга чыккан 11 кыздын купальникчен сүрөттөрү гезиттин №525-санында басылып чыкты. Бийкечтер 7-8-декабрда Спорт Ордосунда өтүүчү супер концертке даярдыктарды башташкан. Аларга 22-ноябрдан баштап подиумда басуу боюнча "Дизайн Мода" моделдик агенттигинин директору Замира Ибраимова сабак берүүдө. Кошумчалай кетсек, финалга смс-добуш берүү жана SUPER.KG порталында өткөрүлгөн добуш берүүнүн негизинде Ак-Мөөр, Аида, Аьбина, Арслана, Айнура, Бегимай, Гузель, Гүлназ, Гүлнура, Жанара жана Периайым аттуу бийкечтер катышуу укугуна ээ болушту.